Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:13

"Талибан" кандуу чабуулдарын улантууда


Тынчтыкты талап кылган активисттердин Кабулдагы жүрүшү. 18-июнь, 2018-жыл.

Ооган бийлиги маалымдагандай, "Талибандын" согушкерлеринин бүгүн таңда койгон чабуулдарынан Кандагар жана Багдис провинцияларында коопсуздук күчтөрүнүн он сегиз кызматкери жана эки жайкын тургун курман болду.

Коопсуздук күчтөрүнүн он төрт өкүлү жана эки жайкын тургун Багдис провинциясында каза тапты. Ал эми Кандагарда "Талибандын" барымтасындагы 33 курулушчуну бошотуу аракети учурунда полициянын төрт офицери өлтүрүлгөн.

Бүгүнкү чабуулдар "Талибандын" эки күн мурда башталган кеңири чабуулунун бөлүгү сыяктанат, андан Ооганстандын бир нече провинциясында коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 87 өкүлү мерт болду.

Ооган өкмөтү Айт майрамынын алдынан башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын он күнгө узартканы менен "Талибан" аны 17-июндун түнүндө токтотуп койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG