Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:37

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан үч окуучу жабыркады.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-июнда “Ысык-Ата” курортуна кеткен жолдо Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаа катуу ылдымдыкта бара жатып кырсыкка кабылган.

Унаада айдоочудан башка төрт окуучу болгон. Кырсыктан кийин үч окуучу ооруканага жеткирилди. Алардын бири оор абалда аймактык ооруканада комада жатканы кабарланды.

Учурда кырсыктын себептери тергелип жатат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG