Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы санариптик башкаруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Жээнбеков электрондук башкарууга өтүү коррупцияга каршы күрөштүн негизги бөлүгү экенин белгилеп, аны тездетүүгө тапшырма берген.
Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Түндүк" системасынын «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди.
Боронов учурда «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкарууга 14 мамлекеттик орган кошулганын жана беш мамлекеттик органдын ортосунда өз ара маалымат алмашуу жүрүп жатканын кабарлады. Вице-премьер учурда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатканы боюнча маалымат берген.
Жээнбеков электрондук башкаруунун так мөөнөтү аныкталып, ар бир мамлекеттик органга баа берилерин эскертти.
Кыргызстанда мамлекеттик органдардагы электрондук кызмат көрсөтүүгө өтүү боюнча демилгелер көп жылдан бери айтылып келет. Буга чейинки өкмөт “Таза коом” аттуу программа жарыялап, анын алкагында электрондоштуруу иштерин уюштурууну убада кылган.(BkA)
Пикирлерди көрүңүз (10)
дагы пикирлерди жүктөө