Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Өзбекстандык туристтер Балыкчыга поезд менен келишти


Өзбекстандан “Ташкент-Балыкчы” каттамындагы поезд менен 150дөн ашуун эс алуучу Балыкчыга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул поезд каттамы сегиз жылдан кийин биринчи жолу жанданды.

Буга чейин эки өлкө жетекчилери Өзбекстандагы ири ишканалардын жумушчуларын Ысык-Көлдө эс алдыруу боюнча макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү. Быйыл жыл башынан бери Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамын жүргүзүү макулдашылган. Аба каттамдары да көбөйүп, Ташкент-Тамчы учагы каттап жатат. Күн алыс Бишкек-Ташкент багытында автобус да жүрө баштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG