Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:28

Украин режиссеру Путинден ырайым суроодон баш тартты


Олег Сенцов

Орусияда 20 жылга кесилген украин режиссеру Олег Сенцов орус президенти Владимир Путинден ырайым суроодон баш тартты.

Мындай маалыматты “Интерфакс” агенттиги Сенцовдун адвокаты Олег Динзеге шилтеме жасап таратты. Юрист камакта 40 күндөн бери ачкачылык жарыялаган режиссердун саламаттыгы начарлаганына байланыштуу басууга дарманы жок калганын билдирди. Учурда бөйрөгү жана жүрөгү ооруп жатат.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Сенцов өз билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

Орусиянын бийлигинен Сенцовду бошотууну талап кылган чакырыктар буга чейин өлкө ичинен да, сыртынан да бир нече жолу айтылган.

Буга чейин Адам укуктары боюнча Европа Соту Олег Сенцовду ачкачылыкты токтотууга чакырган. Бирок режиссер акцияны токтотуудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG