Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Айсулуу Тыныбекова China Open мелдешинде коло байге алды


Кыргызстандык күрөшчү кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча өткөн China Open мелдешинде коло байге алды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү ( United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, таймаштар 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өтүп жатат. Байгелер 10 салмак категориясында ойнотулуп жатат.

Мелдештин биринчи күнүндө эки кыргызстандык килемге чыкты. 55 килограммга чейинки салмакта Назира Марсбек кызы алгачкы беттешинде атаандашына жеңилип, мелдештен четтеди.

59 килограмм салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда жапониялык Юзура Куманого жеңилип калды. Жапон күрөшчү кызы финалга чыккандыктан Тыныбековага коло байге үчүн күрөшкө жол ачылып, бул таймашта кытайлык Юан Вангды жеңип (11:0), коло байге алды.

23-июнда кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, айлампа тартибинде өткөн эки беттеште Кытайдын өкүлдөрүнө жеңилип, байгесиз калды. (ECh)

XS
SM
MD
LG