Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

АКШ Пхеньяндын өзөктүк программасын коркунуч катары санайт


АКШ Түндүк Кореянын ракеталык ишмердигин улуттук коопсуздукка коркунуч катары мүнөздөгөн өзгөчө буйруктун мөөнөтүн дагы бир жылга узартты.

Жума күнү Ак үй тараткан документте “Корей жарым аралына коркунуч туудурган куралдын болушу, Түндүк Кореянын саясаты жана конкреттүү иштери АКШнын улуттук коопсуздугуна, дипломатиясына, экономикасына чоң коркунуч туудурат” деп жазылган.

Бул буйруктун мөөнөтүн узартуу Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолуккан соң президент Дональд Трамптын сөзүнө карама-каршы келип жатат. Анда Трамп “Түндүк Корея өзөктүк коркунучту мындан жаратпайт, америкалыктар өздөрүн ишенимдүү сезсе болот” деп билдирген.

Түндүк Кореяга карата өзгөчө буйрукту америкалык бийликтер 2008-жылы кабыл алган. Анда Пхеньянга карата санкцияларды киргизүү менен басым аркылуу өзөктүк программасын токтотуу максатын көздөрү айтылган.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ын 12-июнда Сингапурдагы саммитте Түндүк Кореянын “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында” иш жүргүзүүгө милдеттенме алганын дагы бир жолу ырастаган билдирүүгө кол коюшкан.

Бирок документте Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартышынын деталдары жана убактысы көргөзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG