Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Оролдо “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы кармалды (видео)


Казакстанда “Азаттыктын” казак кызматынын Оролдогу кабарчысы Санат Урналиевди милиция кармап кетти. “Уральская неделя” гезитинин журналисти Раул Упордун айтымында, Урналиевди милиция кызматкерлери шаардагы аянттан кармаган.

Күбөлөр тарткан тасмада Санат Урналиевди милиция кызматкерлери күч менен жетелеп бара жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн бул шаарда “Азаттыктын” кабарчысынан башка “Уральская неделя” гезитинин редактору Лукпан Ахмедьяров баштаган үч кабарчы кармалганы белгилүү болду.

Батыш-Казакстан облусунун милициясы “Азаттыктын” кабарчысынын кармалганын ырастап, бирок себебин түшүндүрүүдөн баш тартты.

19-июнда Санат Урналиевди милицияга чакырып, экстремисттик түзүмдөр уюштурган акцияларга катышууга тыюу салуу боюнча эскертүүнү тапшыруу аракети болгон. Анда Урналиев эч кандай экстремисттик уюмга мүчө эместигин билдирип, документти алуудан баш тарткан.

Бүгүн Казакстандын бир нече шаарында бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” уюму акция өтөрүн жарыялаган. Бийлик ага уруксат берген эмес.

Аблязов уюштурган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына быйыл мартта казак соту “экстремисттик” уюм катары тыюу салган.

“Азаттыктын” казак кызматы Алматы жана Астанада акцияга катышууга келгендерди камоо жүрүп жатканын кабарлады.

Оролдо "Азаттыктын" кабарчысын полиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG