Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Мохаммад Салах Чеченстандын ардактуу атуулу болду


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров египеттик футболчу Мохаммад Салахка “Чеченстандын ардактуу атуулу” деген наам ыйгарды.

Бул тууралуу Кадыров өзүнүн Telegram-каналына жазып чыкты. Ал Грозныйдагы сый тамак учурунда Салахка тиешелүү буйруктун көчүрмөсүн жана төш белгини тапшырганын билдирди.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Египеттин командасы Грозныйда машыгууларды өткөрдү. Буга чейин Орусия жана Уругвайдын футболчуларына утулган Египеттин командасы 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.

Буга чейин Рамзан Кадыров египеттик футболчулардын машыгууларына катышып, Салах менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Укук коргоо уюмдары Кадыровдун мындай аракетин сынга алып, дүйнөлүк чемпионат учурунда саясий позициясын чыңдоого умтулуп жатат деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG