Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Казакстанда кармалган “Азаттыктын” кабарчысы бошотулду


Cанат Урналиев
Cанат Урналиев

“Азаттыктын” казак кызматынын Орол шаарындагы кабарчысы Санат Урналиев полицияда алты саат кармалгандан кийин бошотулду.

Аны 23-июнда шаардын борбордук аянтынан полиция кармап кеткен. Батыш-Казакстан облусунун милициясына жеткирилген кабарчыны жергиликтүү “Уральская неделя" гезитинин YouTube-каналына жазылган комментарий боюнча суракка алышкан. Кабарчы буга чейин да ушул боюнча суракка чакырылган. Анда Урналиев аталган гезит жана комментарийге эч тиешеси жоктугун билдирген.

Санат Урналиев кармоону Оролдо өтөт делген митингдерди чагылдырууга жол бербөө максатын көздөйт деп болжолдоп жатат.

Оролдо Урналиев менен катар жергиликтүү “Уральская неделя" гезитинин редактору Лукпан Ахмедьяров баш болгон үч журналист кармалды.

Буга чейин Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” уюму 23-июнда тарапкерлерин “акысыз билим алуу” деген талап менен митингге чыгууга үндөгөн. Уюмду учурда чет өлкөдө жашырынып жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн.

23-июнда Астана жана Алматы шаарларында бул акцияга байланыштуу бир нече адам кармалды.

XS
SM
MD
LG