Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

Өкмөт он жылда 66 миң гектар сугат жерин өздөштүрүүнү пландады


Тамчылатып сугаруу ыкмасы
Тамчылатып сугаруу ыкмасы

Кыргыз өкмөтү он жыл аралыгында 66,5 миң гектар жерге суу жеткирүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу өкмөттө ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү боюнча жыйында айтылды. Анын жүрүшүндө 2026-жылга чейинки мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү боюнча программанын аткарылышы талкууланды. Аталган планга ылайык, өлкөдө 46 суу долбоорун ишке ашыруу каралууда. Анын натыйжасында 66,5 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү, 51 миң гектар жердеги ирригациялык системалар оңдолот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жетишсиз деп баалап, сугат сууну жана каналдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бирдиктүү саясат иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Өлкөдө 87 миң гектардан ашык айдоо жерлерине суу жетпеси буга чейин маалымдалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG