Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Май айында бюджетке түшкөн киреше азайды


Май айында республикалык бюджеттин кирешеси 10 миллиард 620 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Былтыр ушул мезгилде бюджеттин кирешеси 12 миллиард 396 миллион сомду түзгөн.

Салык кирешелери алдын ала маалымат боюнча 8 миллиард 633 миллион сомду түзүп, былтыркыга караганда 19 пайызга жогоруласа, бажылык кирешелер 3 миллиард 690 миллион сомду түздү.

Кыргызстанда бажы жана салык кирешелеринин көбөйүшү боюнча талкуулар жүрүп келет.

Жыл башында буга чейинки премьер-министр Сапар Исаков бажы кирешелеринин көбөйгөнүн билдирген.

Кийин Сапар Исаков кызматтан кеткен соң мындай өсүштү тармактагы коррупция менен аткезчиликке каршы күрөштүн натыйжасы эмес, Кытайдан келген жүк ташуучу автоунаалардын көбөйүшү менен түшүндүрүшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG