Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстандагы түрк жарандары добуш беришти


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы Түркиянын жарандары 16-17-июнда президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш берди.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда добуш берүүгө укугу бар, каттоодо турган 2000 түрк жараны бар. Алардын канчасы добуш берүүгө катышканы азырынча белгисиз.

“Добуш берүү аяктаган соң канча жаран шайлоого катышканын Түркиянын Жогорку Шайлоо комиссиясы аныктайт. Элчиликте каттоодон өткөн айрым жарандар Түркияда добуш бериши мүмкүн”, - деди түрк элчиси.

Түркияда бүгүн кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул шайлоодо президенттикке учурдагы өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган баш болгон алты талапкер ат салышып жатат.

Ушул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG