Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Түркияда добуш берүү башталды


Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 180 миңден ашык добушканалар ачылды. Бул шайлоо Түркиянын Конституциясы өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөндөн кийинки алгачкы добуш берүү.

Президенттикке алты талапкер ат салышууда. Алардын арасында учурдагы камактагы күрт саясатчысы Селахаттин Демирташ да бар.

Президенттик шайлоодо негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган жана оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынын талапкери Мухаррем Инженин ысымы аталууда.

Режеп Тайип Эрдоган жана "Жакшы партия” саясий күчүнүн лидери Мерал Акшенер Стамбул шаарында, ал эми Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже Ялова шаарында добуш берери күтүлүүдө.

Шайлоо алдында Инже Стамбулда ири үгүт митингин өткөрдү. Митингге 5 миллионго чейин адам катышканын оппозициячыл талапкер билдирди. Буга чейин массалык митингдерди Измир жана Анкарада өткөргөн.

Мухаррем Инже шайлоодо жеңишке жетишсе, 2016-жылы төңкөрүш аракетинен соң өлкөгө киргизилген чукул кырдаалды жокко чыгарарын жана саясий куугунтукту токтоторун убада кылууда. Түркияда акыркы жылдары бир нече миң адам камакка алынган.

Режеп Тайип Эрдоган акыркы 15 жылдан бери бийликте турат. Ал алгач премьер-министрликти аркаласа, 2014-жылы президенттикке шайланган.

Президенттик шайлоо менен катар өтүп жаткан парламенттик шайлоодо сурамжылоо боюнча Эрдогандын Акыйкаттык жана Өнүгүү (АК партия) партиясы алдыда келе жатат. Бирок парламентте көпчүлүктү түзө албай калышы да мүмкүн. Буга чейин төрт оппозициячыл партия саясий альянс түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG