Чукул билдирүү:
24-25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Айрым райондордо сел жүрүшү ыктымал.
Аба ырайы:
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус болот.
24-июнда Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 14…16 градус, күндүзгү температурасы 26-28 градус болот.