Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Түркияда добуш берүү расмий аяктап, шайлоо бекеттери жабылды

Добуштарды саноо башталган учур. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
Добуштарды саноо башталган учур. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.

Жүз сексен миңдей шайлоо бекети 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылган жана кечки саат беште жабылды.

Өлкөдө катталган шайлоочулардын саны быйыл 56 миллион адамдын тегерегинде. Бүгүнкү парламенттик шайлоо мыйзамда мерчемделгенден жарым жыл, ал эми президенттиги бир жыл эрте өттү.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, президент Режеп Тайип Эрдогандын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык -элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже шайлоо бекеттери жабылгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы “абдан жакшы” болоруна ишенерин айтты.

Инже ошондой эле Түркиянын жарандары шайлоо үкөктөрүн АК партиянын ( "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы) ыктымал бурмалоолорунан коргоосу, шайлоо комиссиялары ишин "туура жол менен жүргүзүүсү" керектигин да белгиледи.

Президент Эрдоган болсо Стамбулда добуш бергенден кийин бүгүнкү шайлоо менен Түркия "демократиялык ыңкылапты" ишке ашырып жатканына токтолгон.

Түркиянын тарыхында президентти эл түз шайлаган экинчи шайлоодо Режеп Тайип Эрдоганга беш саясатчы атаандаш болду.

Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары президенттик шайлоо экинчи айлампага өтүшү мүмкүндүгүн, ал эми Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы ( АК партия) он алты жылдан кийин парламенттик көпчүлүктү жоготуп коюшу ыктымалдыгын көргөзгөн. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары эми алдыдагы сааттарда белгилүү боло баштайт. (UE)

Түркиядагы добуш берүү. Сүрөт баян

Түркиядагы тагдыр чечүүчү шайлоо

Президенттикке талапкер Мерал Акшенер добуш берип жатат. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
1/12 Президенттикке талапкер Мерал Акшенер добуш берип жатат. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Анкарадагы шайлоо бекеттердин бири. 24-июнь, 2018-жыл.
2/12 Анкарадагы шайлоо бекеттердин бири. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Стамбулдагы  шайлоочулар. 24-июнь, 2018-жыл.
3/12 Стамбулдагы шайлоочулар. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Мухаррем Инже  жана жубайы Ялова  шаарындагы  шайлоо бекетте.  24-июнь, 2018-жыл.
4/12 Мухаррем Инже жана жубайы Ялова шаарындагы шайлоо бекетте. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Режеп  Тайып  Эрдоган Стамбулдагы  митингде  сүйлөп  жаткан  учур.
5/12 Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы митингде сүйлөп жаткан учур.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Шайлоонун  коопсуздугун  камсыздоо. 24-июнь, 2018-жыл. Добуш берүү  алдында  Түркиянын бийликтери "терракт жасоону  пландаган" деген шек менен 14 кишини  камакка  алышкан.
6/12 Шайлоонун коопсуздугун камсыздоо. 24-июнь, 2018-жыл. Добуш берүү алдында Түркиянын бийликтери "терракт жасоону пландаган" деген шек менен 14 кишини камакка алышкан.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Стамбулдагы шайлоо бекетине улгайган шайлоочуну жакындары алып келишти. 24-июнь, 2018-жыл.
7/12 Стамбулдагы шайлоо бекетине улгайган шайлоочуну жакындары алып келишти. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Президенттикке  талапкер, камактагы  Салахаттин  Демирташтын жубайы Басак Демирташ добуш берүүдө. Диярбакыр, 24-июнь, 2018-жыл.
8/12 Президенттикке талапкер, камактагы Салахаттин Демирташтын жубайы Басак Демирташ добуш берүүдө. Диярбакыр, 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Президенттикке  талапкер Мухаррем  Инже  добуш берүүдө. Ялова, 24-июнь, 2018-жыл.
9/12 Президенттикке талапкер Мухаррем Инже добуш берүүдө. Ялова, 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Күрттөр көп  жашаган  Диярбакыр шаарында добуш  берүүгө  келе  жаткандар. 24-июнь, 2018-жыл.
10/12 Күрттөр көп жашаган Диярбакыр шаарында добуш берүүгө келе жаткандар. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Күрттөр  көп  жашаган  Диярбакыр шаарында  добуш  берүүгө  келе  жаткандар. 24-июнь,  2018-жыл.
11/12 Күрттөр көп жашаган Диярбакыр шаарында добуш берүүгө келе жаткандар. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Стамбулдун шайлоо бекетинде  кезек күткөндөр. 24-июнь, 2018-жыл.
12/12 Стамбулдун шайлоо бекетинде кезек күткөндөр. 24-июнь, 2018-жыл.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылды.
Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG