Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Түркмөнстанда адам укуктары боюнча алгачкы баяндама жарыяланды


Түркмөнстандын желеги.
Түркмөнстандын желеги.

Түркмөнстанда Омбудсмен институту алгач ирет баяндама жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Баяндамада маалымдалгандай, 2017-жылы жарандардан 439 кайрылуу түшкөн. Алардын 141и боюнча текшерүү жүрүп, 25 арыз канааттандырылган.

Түркмөнстанда Омбудсмен институту 2017-жылы иштей баштаган. Өлкөнүн акыйкатчысы болуп парламенттин мурдагы депутаты Яздурсун Гурбанназаров дайындалган.

Акыйкатчынын алгачкы баяндамасы Түркмөнстанда адам укуктары жапырт түрдө бузулуп, сөз эркиндиги чектелген маалга туш келди. Маселен, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачиловага 9-июнда кол салынган. Ал акыйкатчыга кайрылып, өзүнүн жана балдарынын укугун коргоо боюнча жардам сураган. Бирок колдоо болгон эмес.

Түркмөн бийлиги өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG