Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

УКМК коррупция боюнча кыскартылган иштерди кайра кароодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экономика чөйрөсүндөгү жана кызматтык кылмыштар боюнча токтотулган жана кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда. Бул тууралуу маалымат атайын кызматтын өзүнөн алынды. Мындай иштер 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.

2018-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 117 кылмыш ишин козгогон. Анын ичинде 60 кылмыш иши коррупция багытында болгон. Бул иштерден мамлекетке 1 миллиард 150 миллион сом чыгым келген. Анын ичинен 95 миллион 478 миң сом өндүрүлгөн.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүүнү тапшырган. Ошондон кийин президент өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды топтош үчүн өзүнчө эсеп ачууга буйрук берген. Мындай эсепти ачуу боюнча өкмөттүн токтому 22-июнда жарыяланды. (BkA)

XS
SM
MD
LG