Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Таласта мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Манас районунда мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп кеткен. Окуя 23-июнда түштөн кийин болгонун облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, аталган райондогу Кара-Арча орто мектебинин окуучулары эс алууга чыккан. Сууга чөккөн бала Кара-Арча айылынын тургуну болчу. Окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда бүтүрүүчү класстарга аттестаттар тапшырылды. Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок буга карабай өлкөнүн булуң-бурчунда бүтүрүү кечелери өттү. (AlS)

XS
SM
MD
LG