Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Кулматовдун бөгөт чарасы сотто каралат


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор шаардын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартууну карайт. Мындай өтүнүчтү тергөө органдары келтирген.

Буга чейин ушул эле сот Кулматовду 28-июнга чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Ага макул болбогон экс-мэрдин адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Буга байланыштуу Кулматовдун адвокаты эми Жогорку сотко арыз жазган эле. Бүгүн болсо Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси каралмакчы.

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат.

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, ал 5-июнда камакка алынган. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.

Өткөн аптада Кулматовго экинчи кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кулматовду "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG