Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы автоунаа кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн түштөн кийин болгон кырсыкта МАN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен "Ford Focus" үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Учурда каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда. (BkA)