Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Сеулда Корей согушунун 68 жылдыгы белгиленди


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биргелешкен саммитте. 27-апрель, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биргелешкен саммитте. 27-апрель, 2018-жыл.

Түштүк Кореяда 1950-1953-жылдагы Корей согушунун 68 жылдыгы белгиленди. 25-июнда Сеулда өткөн иш-чарага беш миңдей согуш ардагерлери, өкмөт мүчөлөрү катышты. Өлкөнүн премьер-министри Ли Нак-Йон согуш маалында дайынсыз жоголгондорун сөөктөрүн таап, Корей жарым аралында тынчтык орнотуу аракеттери жүрүп жатканын дагы бир сыйра ырастады.

Эки Кореянын ортосундагы согуш 1950-жылы 25-июнда башталган. Анда Түндүк Кореянын коммунистик армиясы Түштүк Кореяга күтүүсүздөн кол салган. АКШ башында турган БУУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү Сеулга көмөк көрсөткөн. Согуш үч миллиондой аскердин жана жайкын тургундун өмүрүн алган. Беш миллиондой киши бозгунга айланган.

Эки Кореянын ортосунда ушул күнгө чейин тынчтык келишимине кол коюла элек. Май айында Сеул менен Пхеньяндын ортосунда өткөн саммитте эки өлкөнүн жетекчилери согушту расмий жыйынтыктап, жарым аралда бекем тынчтык орнотуу милдетин алышкан.

XS
SM
MD
LG