Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Баткенде депутат баңгизат менен кармалды


Жаңылыкка сүрөттүн тиешеси жок.
Жаңылыкка сүрөттүн тиешеси жок.

Баткенде шаардык кеңештин У.М. аттуу депутатынын үйүнөн 960 грамм героин табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин негизинде Баткендин ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы 1963-жылы туулган У. М. аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алып, көмүр сактаган жайынан бир килого жакын баңгизат тапкан.

Шаардык кеңештин бул депутаты баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары милициянын тизмесинде турган. Ал ири өлчөмдө баңгизаттарды сатууга аракет кылып жатканы боюнча ыкчам маалыматтар түшүп, тинтүү жүргөн.

Учурда кылмыш иши козголуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат. ИИМ шектүү жарандын толук ысымын ачыкка чыгарган жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG