Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Сот Текебаевдин адвокаттарынын арызын кабыл алган жок


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу жактоочулардын бири Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди.

- Сот арызды ал түгүл өндүрүшкө да кабыл алган жок. "Мыйзам боюнча мындай иштер кабыл алынбайт" дейт. Башкы прокуратура "биздин чечимге макул болбосоңор сотко баргыла" деп өз токтомунда расмий түрдө жазып жатат. Сот тескери айтып жатат.

Эми адвокаттар Октябрь райондук сотунун токтомуна каршы шаардык сотко арыз жазышарын билдиришти.

Буга чейин Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деген негизде ишти кайра кароодон баш тарткан болчу.

Жактоочулар Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазышкан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG