Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кубанычбек Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылып, 28-августка чейин камакта калды. Мындай чечимди бүгүн шаардын Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон “Азаттык” радиосуна кабарлады. Мурдагы мэрдин абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн тергөө органдары келтирген.

Буга чейин КСДП УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду камакка алуу боюнча райондук, шаардык соттун чечимдерин жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко арыз жолдонгонун билдирген.

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. долларлык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат.

Бул иш боюнча алгач экс-мэрдин үйү тинтилип, ал 5-июнда камакка алынган. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.

Өткөн аптада Кулматовго экинчи кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кулматовду "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. (КЕ)

Кулматов камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

XS
SM
MD
LG