Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча 2018-2020-жылдарга карата стратегия иштелип чыкты. Стратегиянын долбоорунда президентти, Жогорку Кеңешти жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого, талапкерлерге карата жаңы талаптар киргизилген. Жумушчу топтун мүчөсү, эксперт Канышай Мамытованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, долбоордо беш негизги багыт белгиленген. Партиялар арасында тең укуктуулукту, таза атаандаштыкты камсыз кылыш үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр кирет.

Талапкердин кош жарандыгын жашырганы кийин аныкталса тийиштүү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Мындан сырткары оор кылмыш менен соттолгондор соттуулугу жоюлгандан 10-15 жылдан кийин гана шайлоого талапкер болуп катыша алат.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу максатында түзүлгөн жумушчу топ жана “Жарандык платформа” коомдук фонду Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен уюштурууда.

Документ өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук кеңештин кароосуна коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG