Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Финполиция төрт айда 588 миллион сомду мамлекетке өндүрдү


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) быйылкы жылдын төрт айында 911 кылмыш ишин тергеди. Анын ичинен 251 иш сотко өткөрүлдү. Бул былтыркыга караганда 103 ишке көп. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Мекеменин тергөөчүлөрү мурда кыскартылган 139 кылмыш ишин кайрадан карай баштаган. Мунун жыйынтыгында төрт ай ичинде 588 миллион сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлгөнү кабарланды.

Мамлекеттик кызмат бул иштер быйыл февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында жасалып жатканын билдирүүдө. Ал жыйында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG