Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кыргызстанда баңгилер азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда баңгизат колдонгондор азайып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын башчысы Айдар Шигаев билдирди. Анын айтымында, 2011-2012-жылдары баңгилердин саны Кыргызстанда 11 миңге жакын болсо, азыр алар 2 миңге азайган. ИИМдин кызматы тараткан маалыматка караганда, учурда каттоодо тургандардын саны 8500дөн ашат.

Героин жана метадон колдонгондордун азайганы менен синтетикалык баңгизатты трансформациялоо аракеттери кооптонуу жаратат. Өкмөттүн токтому менен 2015-жылы психоактивдүү заттардын 86 түрүн ("спайс", жаңы синтетикалык баңгизаттар) Кыргызстандын аймагында колдонууга, пайдаланууга тыюу салынган. Эгер кимдир-бирөө аларды аларды мыйзамсыз таратса, алып жүрсө кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылат”, - деп билдирди Айдар Шигаев.

1987-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 26-июнду Баңгизат сатууга жана колдонууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG