Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:25

Чүй милициясынын жаңы башчысы дайындалды


Самат Курманкуловду жамаатка тааныштыруу учуру.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Самат Курманкулов дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини облустук милициянын жамааты менен ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тааныштарды. 41 жаштагы полковник Курманкулов буга чейин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп эмгектенген эле.

Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын окуясынан соң Чүй милициясынын мурдагы жетекчиси Нурлан Сарчаев баш болгон 23 милиция кызматкери жумуштан бошотулган. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG