Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

КСДП Атамбаевдин УКМКдан жер тилкесин сатып алганын төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу жер тилкесин сатып алганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КСДП бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Буга байланыштуу партия УКМК талкуу жараткан жер тилкеси боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин билдирүүдө.

“Биздин маалымат боюнча Кой-Таштагы жер тилкеси азыркыга чейин УКМКнын карамагында турат жана жакында эле 9-кызматтын жетекчиси ал жерди кыдырып жүргөн. Алмазбек Атамбаев менен анын туугандарынын бул жерге эч тиешеси жок. Бирок жалган маалыматтын таратылышы коомчулукту адаштырып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин “Клооп” интернет-сайты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев ал айылдан жер сатып алгандан эки жылдан кийин ошол аймактан УКМКга жер бөлүнүп берилгенин жазып чыккан. Маалымат каражаты ошондон кийин Атамбаев президент болуп турган кезинде аны кайтарыш үчүн ал жер УКМКнын 9-кызматына берилип, бирок кийин сатылганын маалымдаган эле.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынан 2 гектардан ашык жер сатып алып там салып жатканы 2016-жылы белгилүү болгон. Атамбаевдин там салышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, оппозициянын кескин сынына кабылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG