“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тарткан Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, Башкы прокуратура ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароодон баш тарткан соң Текебаевдин жактоочулары сотко кайрылууга укуктуу экенин билдирген. Бирок Бишкектин Октябрь райондук соту бул боюнча арызды өндүрүшкө алуудан баш тартты. Мындай чечимге макул болбогон Текебаевдин адвокаттары шаардык сотко арыздануу менен ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра каратууну көздөп жатышат.
Буга чейин Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык анын ишин кайра кароону өтүнүп саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деп ишти кайра кароодон баш тарткан болчу.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (BkA)