Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кара-Кечеден ЖЭБге көмүр ташыган айдоочулар талап коюшту


Жыйында отурган айдоочулар.
Жыйында отурган айдоочулар.

Бүгүн Жумгал райондук администрациясына чогулган жүздөй айдоочу Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташуу боюнча бийликке нааразычылыгын билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, ЖЭБге көмүр ташуу үчүн өкмөт бекиткен тоннасына 1200 сомду Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалар 800 сомдон төлөп жатышат. Айдоочулар өкмөт талаптарын аткарбаса Кара-Кечеден көмүр алып келген оор жүк ташуучу автоунаалардын жолун тосо турганын эскертишти.

Аларга Жумгал районунун акими Адыл Сапаров маселени өкмөткө жана парламентке жеткирээрин убада кылды. Айдоочулар ушундай эле талап менен буга чейин бир нече жолу Кочкор районунда жана Балыкчы шаарында жыйын өткөрүшкөн. (TSh/MiK)

XS
SM
MD
LG