Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

ЖАМК: Тунгышбаев дароо өткөрүлүп берилбейт


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоого иши бир айга созулушу мүмкүн экенин маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” мындай деди:

- Экстрадициялоонун шарттары көп, 1-2 күндө эле жиберилбейт. Азыр бизде эле. Эки тарап кат алышып, макулдашкандан кийин ишке ашат. Өткөрүп берүү боюнча так күн айтылбайт.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Жергиликтүү укук коргоочулар активисттин өткөрүп берилишине каршы болуп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG