Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Калилов: Дача-СУда кулаган учакта кыргызстандыктардын жүгү болгон эмес


Дача-СУ. 16-январь, 2017-жыл.
Дача-СУ. 16-январь, 2017-жыл.

Былтыр январь айында “Манас” аэропортунун жанында кулаган “Боинг” учагында Кыргызстандын жарандарынын жүгү болгон эмес. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламент комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учак кулаганда ташылып келаткан жүк күйүп кеткен. Ал эми учактан учкучтары отурган кабинетте табылган документтер боюнча Украина, Израил, Испания сыяктуу өлкөлөргө таандык жүк ташылып келе жаткан. "Жүктүн ээлеринин арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес”, - деп билдирди Калилов.

Парламент комитетинин бүгүнкү жыйында Эл аралык авиация комитети менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы авиакырсыктардын алдын-алуу жана аларды чогуу иликтөө тууралуу келишим талкууланды.

Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган.

Маалыматтарга караганда, Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Учактагы жүктөрдүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы көптөгөн суроолорду жараткан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG