Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, жемкорлук, мамлекеттик каражатты кымырып алган кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар атайын базада сакталат. Ал реестрге 1996-жылдан 2018-жылдын биринчи кварталына чейинки электрондук базада турган тиешелүү кылмыш иштери киргизилди.
Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ал маалымат базасы коомчулук үчүн жабык болорун маалымдады.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы жемкорлуктун айынан мамлекеттик казына 670 млн. сом зыян тартканын маалымдаган. Ал сумманын 18,4 миллион сому гана кайра кайтарылды. Өкмөт жемкорлуктан өндүрүлгөн акчаны атайын эсепке топтоо тууралуу токтом чыгарган. (TSh)