Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Генерал Чомоев мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсиясына кошумча төлөм алып жүргөн Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы генерал-майор Нуридин Чомоев мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берди. Мындай маалыматты Аскердик прокуратура тастыктады.

Буга чейин Аскердик прокуратура жасалма документтердин негизинде мамлекеттин эсебинен жеңилдиктерди алып келген бир нече аскер кызматкерлери боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын арасында генерал Чомоев да бар болчу. Бул аскер кызматкерлери "Ооганстанда кызмат өтөгөн" деп пенсиясына кошумча төлөм алып жүргөнүн Башкы прокуратура билдирген.

Чомоев мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүнө карабай ага карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын Аскер прокуратурасы кабарлады.

Былтыр жыл аягында Аскердик прокуратура ооган согушунун жалган ардагерлери боюнча ишти иликтеп, жасалма күбөлүк берген аскер комиссариаттарына бир катар кылмыш иштерин козгогон.

Буга чейин комиссия бул ишти иликтеп чыгып, өз документтерин жасалмалап, мамлекеттен акчалай жана материалдык жеңилдик алып жүргөн 159 аскер ардагерин аныктап, анын кесепетинен мамлекет 23 миллион 700 миң сом зыян тартканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG