Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Орусия чек ара бекеттерин оңдоого 48 миллион доллар бөлөт


"Чалдыбар" чек ара бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
"Чалдыбар" чек ара бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстандын чек ара бекеттерин оңдоого 48 миллион доллар өлчөмүндө материалдык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу парламентте Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Анын айтымында, Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында ушундай жардам көрсөтүлүп, ага төрт чек ара бекети оңдолот.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул жардамдын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө зарыл экенин белгилешти.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуп жаткан учурда өлкө экономикасына уюмдун шартына ыңгайлаштыруу үчүн 1 миллиард доллар бөлүүгө Орусия убада берген. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG