Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан кетти


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу бүгүн тараткан кайрылуусунда жарыялады. Анда Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын белгилеген.

“Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды”, - деп айтылат Оторбаев тараткан кайрылууда.

Ошондой эле Оторбаев акыйкатчы катары иштеген 2,5 жыл ичинде адам укуктарын коргоо жаатында аткарылган иштерди тизмектеген.

“Датын айткандарга жөлөк, аялуу катмарга өбөк болдук, далайларга юридикалык кеп-кеңеш бердик, практикалык жардам көрсөттүк. Сот, прокуратура, күч органдарынан акыйкаттык таппагандар бизге миңдеп кайрылып турушту, аларга кол сунуп, укуктарын коргодук” деген Оторбаев өзү менен бирге иштегендерге, өлкө жетекчилигине ыраазылыгын билдирген.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет. Буга чейин парламентте Оторбаевдин 2017-жылга отчеттун жактырбоо жөнүндө сунуш айтылган эле.

Жогорку Кеңеш Оторбаевди акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG