Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешмесинин жыйынында ушундай маалымат айтылды.
Кеңешмеде азыр катталып жаткан өспүрүмдөр арасындагы суицидге бөгөт коюу аракеттери талкууланды.
Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде төрт окуучу өз жанын кыйган. Мындай кырдаалды жыйындын катышуучулары көпчүлүк ата-энелер миграциядан улам балдарынын жанында болбой жатканы менен түшүндүрүштү.
Ошондой эле аймакта психологдордун жетишсиздиги тууралуу кеп болуп, социалдык педагогдордун көбөйтүү жөнүндө сунуштар айтылды. (JsA)