Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 9 киши Сибирь жарасы же күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жатты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Миянов ырастады.
- 9 киши күйдүргүгө байланыштуу шек менен 25-июнда ооруканага жаткан. Абалы оор эмес. Керек дарыларды алып жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы чыга элек.
Анын айтымында, ооруканага жаткандардын алтоо эркек, үчөө аял. (КЕ)