Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжан китеп жазды


Мухаммад Бекжандын жаңы китебинин мукабасы.
Мухаммад Бекжандын жаңы китебинин мукабасы.

Стамбулдагы Yitik Shifa басмаканасы өзбек журналисти, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжандын "Коркуунун тиги тарабында" («По ту сторону страха») аттуу китеби жарык көрдү. Китеп өзбек тилинде 10 миң нускада чыкты. Автор жакында бул китеп орус тилинде да чыгарын билдирди.

Эмгек Бекжандын 18 жыл өзбек түрмөсүндө өткөргөн өмүрүн чагылдырат.

Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана экс-президент Каримовдун башкы оппоненти Мухаммад Салихтин иниси.

1999-жылы мартта Киевде мыйзамсыз кармалып, Ташкентке жеткирилген. Өзбекстанда ага "ошол жылдын февраль айында Ташкентте болгон жардырууларды уюштурган" деген айып тагылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Cотто Бекжан ага коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, ал эми тергөө маалында кыйноого кабылганын айткан.

2011-жылы абактан чыгаарына бир ай калганда, жаза мөөнөтү төрт жыл сегиз айга узартылган эле. Акыры былтыр 22-февралда эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG