Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Муратбек Тунгышбаевди тергөө абагынан алып кетишти


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери алып кетишти. Бул кабарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастады. Бирок ал Тунгышбаевди атайын кызматтын өкүлдөрү кайда алып кеткенин айта алган жок.

Казак активисти тергөө абагынан чыгарылып кеткенин анын адвокаты Нурбек Токтакунов да "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. "Тунгышбаевди буюмдары менен кошо тергөө абагынан алып кетишти" деди адвокат.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Натыйжада Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылган. 26-июнда укук коргоочулар жана активисттер атайын жыйын өткөрүп, "Тунгышбаев боюнча Октябрь райондук сотунун чечими мыйзамсыз чыгарылды" деп сындашкан.

ЖАМК казакстандык блогерди экстрадициялоого иши бир айга созулушу мүмкүн экенин маалымдаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 26-июнда “Азаттыкка” мындай деген:

- Экстрадициялоонун шарттары көп, 1-2 күндө эле жиберилбейт. Азыр бизде эле. Эки тарап кат алышып, макулдашкандан кийин ишке ашат. Өткөрүп берүү боюнча так күн айтылбайт.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Муктар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Тунгышбаев Кыргызстанга алгач 2012-жылы кирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу боюнча кайрылган. Бирок ал кийин Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу арызы каралбай калган. Кийин ал 2014-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Качкын макамын алуу боюнча арызын ал бул жолу Мамлекеттик миграция кызматына 2018-жылдын 15-майында берген.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

XS
SM
MD
LG