Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Түндүк-Түштүк жолуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышы иликтенет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 26-июндагы жыйынында Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтеген депутаттык жумушчу топ түзүлдү. Анын жетекчилигине “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, жолдун курулушуна Кытайдын Эксимбанкы 700 млн. доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлгөн. Ушу тапта жумуштун 66 пайызы аткарылды.

Жумуш тобунун башчысы министрден альтернативалуу жолдун курулушуна байланыштуу документтердин баарын тапшырууну өтүндү.

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу демилгесин мурунку президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, курулуш 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын байланыштырган жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтөт.

Буга чейин айрым жергиликтүү интернет-сайттар жаңы автоунаа жолунан 600 млн. доллар уурдалганын жазып чыгышкан. Андагы документтерде курулуштун баасы бир топ жогорулатылганы көрсөтүлгөн. Министр бул маалыматтар туура эмес экенин “Азаттыкка” билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG