Ленинград облусунда өрттөн каза болгон кыргызстандык келиндин сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Санкт-Петербургдагы ардактуу консулдук, кыргыз диаспорасы жана келиндин жердеши акчалай жардам көрсөткөнүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары Орусияда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык келинди өрттөп кеткенин жазган. Окуя Ленинград облусунда болгон. Сөөк Шлиссельбург шаарынын аймагында 24-июнга караган түнү өрттөнгөн соода күркөлөрүнүн биринен табылган.
Ал эми анын жанында өрттөн жабыркаган 20 жаштагы кыргызстандык учурда Шлиссельбург шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аны Ленинград облустук ооруканасына которуу боюнча иштер жүрүүдө.
26-июнда келиндин өлүмүнө байланыштуу күйөөсү кармалды. Бүгүн анын бөгөт чарасы каралат. (КЕ)