Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Нидерланды коомдук жайда бурка жана никаб кийүүгө тыюу салат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нидерланды парламентинин биринчи палатасы коомдук жайда бетин жапкан кийим күйүүгө тыюу салган чечимди колдоду. Жаңы мыйзамга ылайык, транспортто, мектептерде, ооруканаларда жана мекемелерде никаб, паранжа, бурка жана чадра кийип жүрүүгө болбойт. Мыйзам бузгандарга 400 евро айыппул салынат.

Жаңы мыйзам 2019-жылдын башында күчүнө кирет. Германиялык DPA агенттигинин маалыматы боюнча, Нидерландыда толук бетин жапкан мусулман кийимин кийип жүргөн 400дөй аял жашайт.

Нидерланды парламентинин экинчи палатасы мындай тыюуну 2016-жылы кабыл алган.

Майдын соңунда Дания да коомдук жайларда никаб жана паранжа кийүүгө тыюу салган.

Мындан сырткары Австриянын, Швейцариянын, Испаниянын жана Канаданын айрым аймактарында ушундай тыюу бар.

XS
SM
MD
LG