Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жээнбеков: Коррупциянын айынан көп инвестиция башка өлкөлөргө кетти


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө кетти. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Президент өлкөнүн учурдагы абалы өзгөрүүгө муктаж экенин айтып, кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйгөнүн белгиледи.

“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүш ыргагына ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков.

XS
SM
MD
LG