Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Жээнбеков: Криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалган


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалды. Мындай пикирин бүгүн парламентке кайрылган сөзүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Президент акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.

"Өлкөдө менчикти коргоо сакталган жок, рейдерликке жол ачкан учурлар болду" деди ал. Жээнбеков сот жана укук коргоо органдары өзүлөрү акыйкат болбой жатканына эл нааразы экенин кошумчалады.

Ички иштер министрлиги милициянын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун 523 жигердүү мүчөсү бар экенин жакында расмий билдирген. 2017-жылы ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн милиция уюшкан кылмыштуу топтордун 241 мүчөсүн кармап, кылмыш жообуна тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG