Бишкек-Ош автоунаа жолунун убактылуу жабылган бөлүгү кайра ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыктарынын жана тыгындардын алдын алуу максатында 26-июнда саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул чектөө бүгүн саат 06:00дө кайра алынды.
26-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктү тилкеси) “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын алтоо жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Куткаруучулар 2 адамдын (1 эркек, 1 аял) сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.