Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Орусия менен да талкуулап жатабыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан менен Орусия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна байланыштуу позицияларды такташып жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентке кайрылган сөзүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Президент белгилегендей, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, жарандардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө турган, орто жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлордун сап башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кирет. Ошону менен катар Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Ысык-Көл айланма жол алкагы, Суусамыр-Талас-Тараз, Жалал-Абад-Маданият жолдору, ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү долбоорлору да артыкчылыкка ээ болууда.

- Узак мөөнөттө ишке аша турган долбоорлордун ичинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча пландарга өзгөчө маани беребиз. Жакында Кытайга мамлекеттик иш сапары менен барып келдим. Ушул долбоорду ишке ашырууга кызыккан өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Орусия Федерациясы менен да бул теманы талкуулап, позицияларды такташып жатабыз, - деди президент.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен орток пикир табылбай келет. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан Өзбекстан менен позицияларын такташып бүткөнүн жакында "Азаттык" радиосуна билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG