Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Шыкмаматов: президенттин сөздөрү убада катары кабыл алынат


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги кайрылуу сөзүнөн кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” пикирин билдирип, мамлекет башчынын сөздөрүн ишке ашыруу оңой болбой турганын белгиледи:

- Бүгүнкү айткан сөздөрү 2-3 жылдан соң “жыйынтык чыктыбы” деп кийин эскерилет. Фактыларды келтирип сүйлөө башка, бирок аны ишке ашыруу чоң эмгек. Бул айткандары президенттин убадасы катар кабыл алынат. Аны аткаруу президенттин талабынан, эркинен көз каранды.

Бүгүн парламентте президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукка жана депутаттарга кайрылып сөз сүйлөдү. Ал акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт" деди ал. (TSh)

XS
SM
MD
LG